Кытайдын чыгышындагы Вэйфан шаарында дүйнөдөгү эң чоң айланага бийиктиктен көз чаптырчу аттракцион курулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, бийиктиги 145 метрди түзгөн аттракционду Байланг көлү аркылуу өткөн узундугу 540 метрлик көпүрөгө жайгаштырышкан. Ал ички тирегичтери жана темир шиштери жок дүйнөдөгү биринчи айланага бийиктиктен көз чаптырчу аттракцион болуп эсептелет. Диаметри 125 метрди түзөт.
"Аттракциондун 36 кабинасы бар, ар бирине 10 киши батат. Ал 28 мүнөттө бир айлампа жасайт. Ар бир кабинада интернет бар болгондуктан туристтер сүрөттөрүн дароо социалдык тармактарга жарыяласа болот. Аттракциондун курулушу үчүн 4,6 тонна болот пайдаланылган", - деп жазылат маалыматта.