Кытайлыктар эмнеге кыздарын Кореяга жибергилери келишпейт?

Түштүк Корея адамдын бетин өзгөртүп, эң көп пластикалык операция жасоо боюнча алдыга эч бир өлкөнү салбаса керек. Өлкөгө көп акча менен кирип калган башка өлкөнүн жарандары негизинен, пластика хирургдарынын кеңсесине баш багып чыгуу үчүн баргандар дешет. Айрыкча кытайлык аялдар Кореяга кирип чыккандан кийин бет түзүлүшү түп тамырынан өзгөрүп, документтеги өзүнүн сүрөтүнөн аябай айырмаланып калгандыктан чек ара кызматына бир топ эле маселелерди жаратары белгилүү.

Мындан улам Кореядагы пластикалык операция жасай турган клиникалардын көпчүлүгү кардарларына операция жасаткандыгын тастыктай турган документ же сертификат кошуп беришери кадимки көрүнүшкө айланган. Кытай чек арасы өз жарандарын аталган маалым каттын негизинде гана паспорттогу сүрөтүнө салыштырып өткөрүүгө аргасыз болот. Документке же сертификатка кардардын операцияга чейинки түшкөн сүрөтү жана операциядан кийинки скальпель тийген жерлердин шишиги тарап сулуу болуп өзгөргөндөгү сүрөттөрү тиркелет.

Пластикалык хирургия Кореядагы эң өнүккөн бизнестин түрүнө кирет. Статистика боюнча Сеулда 19 жаштан 50 жашка чейинки кыздар жана аялдардын 20 пайызы жок дегенде бир жерине операция жасаткандар. Мурда операция жасатууга бел байлоонун негизги себептери кайсы бир кемчилигин оңдоо же жашыруу болсо, акыркы учурда кыздардын көпчүлүгү батыш стандарттарга дал келүүнү каалагандар. Азыр дүйнөнү европалык стандарттагы сулуулук бийлеп турат деген түшүнүктөгү кореялыктар көпчүлүк учурда көзүн чоңойтуп, ашыкча терини алдыруу, эриндерин калыңдатуу сыяктуу курмандыктарга барышат. Мындай ыкма менен сулуу болууну бир гана корей айымдары эмес эркектери да самап, операция жасатышары белгилүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Tansuluu09
2017-09-17 12:48:43
Слишком эле озгорот экен
+22
Bazana
2017-09-17 12:57:42
Баргым келип кетти
-15
Syn4y
2017-09-17 13:36:43
Bazana,Strawnaia okwoisun anda
+14
Bazana
2017-09-17 15:05:47
Syn4y,айта корбо корсон качып кетесин
+7
Kanzada97
2017-09-17 13:01:57
Мененда хуникго булар))
+15
TazaKyrgyz
2017-09-17 16:56:26
Kanzada97,хуниги эмнеси
+7
dasta
2017-09-17 13:03:52
Барып емне кыласын кыргыздын кыздары табияттан сулуу
+18
jypara1415
2017-09-17 13:26:42
Кудай жараткан келбетиме шугур !
+15
Snejana
2017-09-17 13:30:00
Кудайга шугур озум эле сулуумун. Кудай сактасын ушундай хирургдардан.
+11
Aidana94
2017-09-17 13:53:58
Операциядан кийин да мага жетишпейт экен))
-7
Kg-samsung
2017-09-17 17:26:21
Aidana94,эл мактасынчы силерди
+3
Aidana94
2017-09-17 17:53:36
Kg-samsung,ичин куйгондойсунго. Тамаша аралаш жазылган билдирууго. Коргон эл да мактап эле журот сен корсон да суктанмаксын
+3
bom.bon
2017-09-18 23:47:04
Aidana94,Номеринди берчи)?
0
Ma9
2017-09-17 16:25:39
акыл эсинен айныгандар жасата беришет
+1
kanybek1986
2017-09-17 23:43:12
Эмнеге корейлер сулуу деп коем ошого экенда
0
jenish84
2017-09-18 17:17:52
хехе мына сага,эми сулуу болуп эле миллиарддык кытайдан миллиону корумсуз болсо эмнекен.сулуулук мына бизге керек.кыргызымдын кыздары ансыз деле сулуу.
0
nur72
2017-09-19 02:19:20
Кудайга шугур озубуздун эле табигый сулуулугубузга чек жок биздин кыздар операциясыз эле маралдай керилген периштелер
0
nur007mir009kg
2017-09-19 07:39:56
Шумдукго. Мен да карей кыздары эмне мынча сулуу деп ойлоп жүрүпмүн. Көрсө кеп бул жакта турбайбы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан