Тоңуп турган көп жылдык мөңгүлөрдүн эришинен улам жүз жылдап "уктап" жаткан коркунучтуу вирустар эркиндикке чыгышы мүмкүн.
Чет элдик маалымат каражаттары кабарлагандай, окумуштуу Жан-Мишель Клаверинин айтымында көп жылдык тоңдор чоң муздаткычтай. "Ал жакта бир кезде өлүп калган жаныбарлардын, куштардын, адамдардын калдыктары сакталган. Аларда азыркы адамдын иммунитети көтөрө албай турган вирустар бар болушу мүмкүн. Көп жылдык муздар микробдорду жана вирустарды миллиондогон жылдар бою сактайт. Эгерде сиз йогуртту алып көп жылдык музга коюп койсоңуз, ал 10 миң жылдан кийин деле жегенге жарактуу болот", - деп билдирген окумуштуу.
Мындай божомолго 2016-жылдын август айында Орусиянын Ямало-Ненецкий автономдук аймагында катталган сибирь жарасынын эпидемиясы азыркы тапта жалгыз гана мисал болууда. Ал эпидемиянын вирусу 75 жыл мурун өлүп, көп жылдык музга тоңуп калган бугунун организминде болгон. 2016-жылы аномалдык ысык аба ырайы болгондуктан муз эрип вирус "ойгонгон". Анда 20 адам ооруну жуктуруп, 12 жаштагы бала каза болгон. Мындан сырткары 2300 бугу кырылган. Бул аймакта сибирь жарасы эң акыркы жолу 1941-жылы катталган.