Кара-Суу районунда мектепке кетип, ошол боюнча дайынсыз делип жаткан Сыргагүл табылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда анын жакындары SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка караганда, Сыргагүл 11-сентябрь күнү Ош шаарында табылган. Ал дос кызы менен барып, кайра келе албай калган.
Айта кетсек, 14 жаштагы Сыргагүл Сталбек кызы 8-сентябрь күнү "мектепке барам" деп үйдөн чыгып кетип, ошол бойдон кайрылып келген эмес делип, изделип жаткан.