Элчилик: "Орусияда аялын бычактап өлтүрүүгө шектелип жаткан адам Тажикстандын жараны"

Орусиянын Москва шаарында аялын бычактап өлтүрүүгө шектелип жаткан адам Тажикстандын жараны. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

"Элчиликтин кызматкерлери жергиликтүү укук коргоо органдары жана каза болгон адамдын жакындары менен байланышып, анын жана күйөөсүнүн Тажикстандын жарандары экенин такташты. Алар Москвага акыркы жолу Кыргыз өлкөсү аркылуу барышкан", - деп билдиришти элчиликтен.

Буга чейин орусиялык "360" телеканалы Москва шаарындагы Краснодар көчөсүнөн кыргыз келиндин бычакталып өлтүрүлгөн жансыз денеси табылганын билдирген.

Маалыматка караганда, шектүү көчөдө бара жатып 23 жаштагы келинчегине кеминде 10 ирет бычак сайып жиберген. Окуя аталган көчөдөгү видеобайкоого түшүп калган. Видеобайкоодон шектүү аялына бир нече ирет бычак сайып, андан ары качып кеткенин көрүүгө болот.

Учурда факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталганы кабарланды. Алдын ала иликтөөгө караганда шектүүнүн келинчегин өлтүрүшүнө кызганыч себеп болушу мүмкүн.

Орусияда Кыргыз жараны келинчегин бычактап салды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kyrgyz.kg83
2017-09-13 15:13:14
Орустарда куйгузду,тактап анан чыгарышса жанылыктарга,тажикпи,озбекпи,кыргызбы,бул корунуш азияны жаман корсотуп жатат
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан