Салянованын адвокаты сотко ишенбөөчүлүк көрсөттү, сот дооматты четке какты

Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланууда.

Соттук отурумда жактоочу Чынара Жакупбекова "сот Кубанычбек Касымбековдун бул иште кызыкчылыгы бар" деп айтып, соттон баш тартуу өтүнүчүн келтирди.

"Бул жерде күн сайын соттук отурум болууда. Башка жактагы соттук отурумдар бул ишке байланып, башка күндөргө жылдырылууда. Ошондуктан мен сиздин калыстыгыңыздан шек санап, төрагалыгыңыздан баш тартам", - деди жактоочу Жакупбекова.

Сот тараптардын пикирин угуп, кеңешме бөлмөсүнө кирип чыгып, жактоочунун өтүнүчүн четке какты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан