Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланууда.
Анда жактоочу Чынара Жакупбекова Аида Салянованын иши боюнча бир да далилдер табылбаганын айтып ишти кайра тергөөгө кайтарууну сурады.
"Айыптоодо "кызмат абалынан пайдаланып, өзүнө же башка бир адамга пайда келтирүү" деп турат. Бул жерде эч ким пайда көргөнү далилденген жок. Елисеев да, Салянова да бул лицензиянын узартылышынан эч кандай пайда көргөн эмес. Эгер кимден ким пайда көргөн болсо мамлекеттик айыптоо далилдесин. "Уюшкан топ кылмыш жасаган" деген айып коюлуп жатат. Бул жерде уюшкан топтун да өзү жок. Ошондуктан бул ишти кайра тергөөгө жиберүүңүздү сурайм", - деди жактоочу.
Сот тараптардын пикирин угуп чыгып, жактоочунун өтүнүчүн четке какты.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.