Бразилиялык алтын казуучулар 10дон ашуун индейлерди өлтүрүшкөн деп шектелүүдө

АКШнын “The New York Times” гезити индейлердин массалык түрдө өлтүрүлгөнү тууралуу жазып чыкты. Маалым болгондой, кылмышка шектүү деп бразилиялык мыйзамсыз алтын-кен казуучу топ болжондонуп, алардын экөө кармалган. Колго түшкөндөрдүн айтымында, алар өздөрүн коргоо үчүн мындай жорукка барышкан жана 10дон ашуун индейлерди өлтүрүшкөн. Алардын ичинде аялдар жана кичинекей ымыркайлар да болгон. Мындан улам укук коргоочулар бул өлтүрүү фактысын – геноцид деп аташкан.

Валу-ду-Жавари – Бразилиянын батыш жагындагы жапайы индейлер отурукташкан жер. Ал Перу жана Боливия менен чектешип, аянты Австриянын аянтына тең келет. Көптөр ал аймакты Амазониянын кол тийбеген чек арасы деп аташат.

“The New York Times” гезити массалык өлтүрүү тууралуу маалыматты ушул жылдын август айында билген. Белгилүү болгондой, индейлер ал күнү тамак-аш издөө максатында Амазониянын алыскы бөлүгүнө чейин барып, ошол жерден мыйзамсыз алтын-кен казуучуларга кезигишкен.

Алтын казуучулар Бразилия жана Колумбиядагы чакан шаарчага келишип, ал жактан барлардын бирине кирип, болгон окуя тууралуу өздөрү кеп козгоп кылган “эрдиктерин” айтып мактанышкан. Ал жакта отурган адамдардын бири полиция кызматкерлерине уккан окуяны айтып берип, жыйынтыгында кылмышка шектүүлөрдүн экөө колго түшкөн. Маалым болгондой, мындай окуя 1 жылдын ичинде экинчи ирет кайталанган.

Алтын-кен казуучулар кылган жоруктарын моюнуна алышканы менен фактылар толук тастыктала элек. Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан