Баткенде "мурдагы милиция кызматкерин өлтүрүп, денесин Ош облусуна таштап унаасын Бишкекке алып келип сатып жиберген" деп шектелгендер кармалды

Баткенде мурдагы милиция кызматкерин өлтүрүп, денесин Ош облусуна таштап унаасын Бишкекке алып келип сатып жиберген деп шектелип 4 адам кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-сентябрда саат 14:00дөр чамасында Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагына караштуу Ит-Качкан жайлоосунан 20-25 жаштар чамасындагы эркек адамдын денеси табылган. Кийин анын өздүгү такталып, ал Баткен шаарынын 1986-жылы туулган тургуну А.Алмаз экени аныкталып, мурда ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгында ыкчам топтун кызматкери болуп эмгектенгени белгилүү болгон.

Кийин аталган кылмышка шектүү катары Баткен шаарынын тургундары 29 жаштагы У.С., 26 жаштагы А.Н., 26 жаштагы Ж.Ч., 33 жаштагы С.К. кармалган.

"Тергөө учурунда маалым болгондой, шектүүлөр 5-сентябрга караган түнү саат 04:00 чамасында Баткен шаарындагы соода түйүндөрүнүн биринде маркум менен биргеликте спирт ичимдигин ичишкен. Пикир келишпестиктен улам маркум менен бөтөлкөлөштөрүнүн ортосунда мушташ чыккан. Натыйжада маркумду сабап, колу-бутун байлап, ага таандык Субару Форестер үлгүсүндөгү унаага салып Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүндөгү Ит-Качкан жайлоосуна маркумду жылаңачтап туруп таштап кетишкен. Кийин алар унааны Бишкекке алып барып арзан баада сатып жиберишкен", - деп айтылат Ош ОИИБинин маалыматында.

Андан сырткары аталган маалыматта учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, 97-берене (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, иши тергелип жатканы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
mirlanpiter
2017-09-13 22:41:01
Жаза баарына !!!
0
-FREEDOM-
2017-09-14 09:47:26
Менин аяшым эле. Мыкаачылык мемаен олтуруптур. Акмактар. Жаткан жери жайлуу болсун. Анан супер инфо маалыматты туура тактап чыгаргылачы сураныч. 20,25 жашта эмес 31 жашта болгон. ХХХХ. Жакшылап иликтеп анан жазгыла анткени селерди элдин коп катмары окуйт.
0
aibars
2017-09-14 10:02:19
-FREEDOM-, жаткан жери жайлуу болсун, озун тушунуп окусан башында 20-25 жаштардагы деп жатат, бироо жарым коруп калса тааныбаса болжолдоп айтышатда. Анан такталгандан кийин 1986- жылкы экен дешкен экен.
0
admin_superstan
2017-09-14 11:37:44
-FREEDOM-, саламатсызбы! Кабарда маркумдун туулган жылы көрсөтүлгөн.
0
Altysha89
2017-09-14 10:30:38
Зөөкурлөр жазасын алсын акмактар. Өзу адам өлтургөндөргө өлум жазасы керек.
0
nurka85
2017-09-14 20:05:58
К.С. М.Н дебестен толук аттарын фамилясын жазсанар жакшы болмок. Олтургондон уялбаган, аттарын билсек да уялышпаса керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан