Орто Азия боюнча мюзикл жанрындагы биринчи тасма Кыргыз өлкөсүндө тартылууда. "Дарак ыры" аттуу мюзикл эл назарына болжол менен 2018-жылы тартууланат. Бул тарыхый мюзиклдин жаратуучусу жаш режиссёр Айбек Дайырбеков.
Тартуу иштери Ысык-Көл облусунун жаратылышы кооз аймактарында өткөн. Мюзиклдин негизин кыргыз элинин XVIII кылымдагы тарыхы, жашоо турмушу, салт санаасы түзгөн. Тасма үчүн эки жүздөн ашуун кыргыздын улуттук кийимдери тигилген. Мындан сырткары мюзиклда колдонулган бардык музыкалык композициялар атайын тасма үчүн жазылган.
"Биздин элибиз чыгармачылыкка, ырга, музыкага жакын. Ойлоп көрсөк адамды акыркы сапарга узатып жаткан кезде да кошок, арман күүлөрү менен узатат экенбиз. Биз мюзиклда сөз менен бере алгыс нерсени ыр менен жеткиргенге аракет кылдык", - дейт режиссёр.
Мюзикл - өзүнө эстраданын, опереттанын, балеттин элементтерин камтыган комедиялык, драмалык, трагедиялык тасма же спектакль.