Орусияда мекемелерге бомба коюлган деген маалыматтар тарап калктын жана полициянын тынчы кетти

Кечээ, 13-сентябрда Орусиянын Москва шаарындагы айрым объекттерге бомбалар коюлган деген маалыматтан улам полиция кызматкерлери бир катар соода борборлорундагы жана университеттеги адамдарды коопсуз жайга чыгарышып, имараттарды текшерүүгө мажбур болушту. Бул тууралуу Орусиянын басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, анонимдүү телефон чалуулардан кийин полиция кызматкерлери 23 имаратты текшеришкен. Бирок маалымат жалган болуп чыгып, телефон аркылуу "бомба коюлган" деп кабарлаган адамдар издөөгө алынган.

Ошондой эле жергиликтүү басылмалары 12-сентябрь күнү да бомба коюлган деген анонимдүү билдирүүлөрдөн улам 22 шаардагы 45 миң киши коопсуз жайларга чыгарылганын жазган. Анда белгиленгендей, 13-сентябрда баш-аягы 17 шаардагы 190дон ашуун имарат текшерилип, бирок бардык маалыматтар жалган болуп чыкканын жазып чыгышты.

Жалпыга маалымдоо каражаттары өздүк булактарына таянуу менен бомба тууралуу телефон чалуулар Украинанын аймагынан болгонун жазышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
RusMos76
2017-09-14 09:40:02
Тц Городдун баарын жаап текшерип атышат го, тынччылык эле болсунчу Кудайым.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан