Баткенде көмүр шахтасында камалып калган эки адам куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-сентябрь күнү саат 16:10 чамасында Сүлүктү шаарындагы "Бай-Кен" шахтасында уранды түшүп, эки адам ичинде калып калган.
"ӨКМнын куткаруучулары барганча шахтанын кызматкерлери тарабынан урандыдан улам көмүр кенинин ичинен чыга албай калган адамдар куткарылган. Эч ким жабыркаган эмес", - деп айтылат маалыматта.