Казакстанда эне 3 жаштагы баласын үйдүн 5-кабатынан ыргытып жиберди

Казакстандын Семей шаарында эне 3 жаштагы баласын көп кабаттуу үйдүн 5-кабатындагы терезесинен ыргытып жиберди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазууда.

Маалыматта жазылгандай, окуя 12-сентябрь күнү саат 12:00дөр чамасында болгон.

"Бала көп кабаттуу үйдүн терезесинен кире бериштеги эшиктин үстүндөгү тосмосуна түшүп, оор абалда ооруканага жеткирилген", - деп жазылат маалыматта жергиликтүү "Тез жардам" кызматына таянуу менен.

Окуяны көргөндөр полицияга баланы өзүнүн энеси ыргытып жибергендигин айтып беришкен. Учурда 36 жаштагы эне өзү каттоодо турган психикалык жактан жабыркагандардын ооруканасына жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
aibars
2017-09-14 10:03:54
Кудай сактай кор.
+4
omka100514
2017-09-14 10:14:48
Тообо кылдым, не деп жазышты деле билбейсин.
Бала айыгып кетсин ылайым
+6
Hadyja
2017-09-14 11:02:44
Байкуш бала,мне дешти да билбейсин.Чон пап,тай энелери энесинин психикалык жактан ооруганын билегенден кийин озулору багышса болмок.Чондордун азабын кичинекейлер тарканы кобойду.Окунучтуу окуя.
+6
nurbekasr
2017-09-14 11:07:56
Тооба кылдым тооба адамдар эмне болуп бара жатат.
+2
Sultanim
2017-09-14 11:10:16
Астагфируллах я Раббим!!!акыл-эсибизден тайдыра көрбө бизди...
Ушунун бары жан-дүйнөнүн ачкалыгынан улам б-п атат.Жараткан туура жолдон адаштырбасын барыбызды!
+13
Batma08
2017-09-14 11:25:35
Шумдук
+3
Aruw89
2017-09-14 12:21:15
Псих болсо неге торойт,3жашка чейин жакшы багып чонойтуп озун озу эптеп калганда ыргытып жибергени кантет,Кудайым баардык пенделериндин журогуно ыйман бер,ынсап бер
0
Donchik-88
2017-09-14 14:58:20
Тооба кылдым
+1
ktmu1995
2017-09-14 17:08:24
Бироого зар, бироого кор. Окунучтуу :(
0
Azatbek83
2017-09-15 01:03:25
Таш боор ХХХХ сага окшогондорду жер которбой жутуп салса экен акмак.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан