Текебаев менен Чотоновдун сотунда Эсептөө палатасынын мурдагы жетекчиси Элмира Ибраимова көрсөтмө берип, Модин көрсөткөн иш бөлмө тууралуу айтты

Бүгүн, 14-сентябрда Бишкек шаардык сотунда Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралууда. Отурумдун жүрүшүндө Эсептөө палатасынын мурдагы жетекчиси Элмира Ибраимова көрсөтмө берип, Модин менен Маевский Текебаев менен жолуктук деп жаткан иш бөлмө Текебаевдин эмес Алмазбек Атамбаевдин иш бөлмөсүнө окшош экенин айтты.

Ага жактоочу “сиз Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары бардык жетекчилердин кабинетине кирүүгө мүмкүнчүлүгүңүз болгон. Алексей Модин видеодо Текебаевдин иш бөлмөсү деп көрсөткөн кабинет, кийин Маевский да "ошол кабинеттен Текебаев менен жолугууга келгенде Убактылуу өкмөттүн 1-орун басары деген жазуу илинип турган" деп айткан. Сиз бул тууралуу эмне дейсиз” деп суроо берди.

“Мен ал видеону интернеттен көрдүм ал иш бөлмө Алмазбек Атамбаевдин иш бөлмөсүнө аябай окшош. Текебаевдин кабинети болуусу мүмкүн эмес. Анткени анын иш бөлмөсүнө баруу үчүн башка тарап менен баруу керек, Текебаевдин иш бөлмөсү ал кабинеттен чакан болчу жана видеодо көрсөтүлгөн жактан башка жакта жайгашкан”, - деди Элмира Ибраимова.

Андан сырткары ага Текебаевдин жактоочусу “мамлекеттик мүлктү Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнөн Атамбаев көзөмөлдөп турган, ал ушул багыттагы ишти алып барып жатып “Мегакомду” көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүгү бар беле" деп суроо берди.

Ага Элмира Ибраимова Атамбаев экономикалык тармакты карап турганын, башка экономикалык тармактай эле ал “Мегакомду” да көзөмөлдөй алганын айтты.

Прокурорлор Элмира Ибраимовадан Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн кимисинин кандай кызматтык укугу болгондугун жана анын Убактылуу өкмөттүн декрети менен тааныштыгы бар же жок экенин сурады. Буга жактоочулар каршы чыгып, анын баары жыйынтык иште бар экенин айтышты.

Сот жактоочулардын пикири туура эмес экенин айткандан кийин ортодо талаш-тартыш пайда болуп, Текебаев Убактылуу өкмөттөгүлөрдүн укугу тууралуу пикирин айтты. Анын сөзүнөн кийин тараптар күбөдө суроолор жок экенин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан