Ошто Орусияга кетүүгө камынып жаткан Тажикстандын жараны жасалма паспорт менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош-Новосибирск каттамындагы №8292-рейсти текшерүү учурунда чек арачылар тарабынан 1995-жылы туулган Д.С. аттуу Тажикстандын жараны кармалган. Ал жасалма Кыргыз паспорту менен Орусияга кетүү аракетин көргөн.
Кармалган жарандын айтымында, мурда Орусиядан депортация болгондуктан кайра Орусиянын аймагына кириш үчүн жасалма паспорт колдонууну туура көргөн.
Учурда ал УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.