Кара-Суу районунда 5 унаанын катышуусунда болгон жол кырсыгынан бир айдоочу каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Ош ОИИБинин Патрулдук милиция бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы Бишкек-Ош унаа жолунун 648-чакырымында (Кайрагач айылы) болгон. Анда 1955-жылы туулган К.А. аттуу айдоочунун башкаруусундагы Дэу Леганза үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыгып, Тойота, Ниссан, Хонда унааларын сүзүп, андан соң Хундай Портерге урунуп токтогон.
Кырсыктын кесепетинен К.А. Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон. Ал эми жол кырсыгынан жабыркаган 7 адам ооруканада.
Буга чейин окурман "ЭЛДИК КАБАРга" маалымат жөнөтүп, Кайрагач айылында 5 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталганын билдирген.