Айымдар бактылуу өмүр сүрүшү үчүн келишимдүү эмес мырзаларга турмушка чыгышы керек. Бул тууралуу Флорида университетинин окумуштуулары жүргүзгөн изилдөөлөрдө аныкталган.
Чет элдик маалымат булактарында жазылгандай, келишимдүү эмес мырзаларга турмушка чыккан айымдардын үй-бүлөсү бекем жана бактылуу болорун айтышкан окумуштуулар.
Сулуу айымдар өтө келишимдүү эмес мырзаны тандаса эмне үчүн бактылуу болорун флоридалык окумуштуулар изилдөөлөрүнө таянып мындайча түшүндүрүшкөн: "Жубайы сулуу мырзалар ар убак алардын көңүлүн карап, түрдүү белектерди беришип, дайыма жагымдуу маанай тартуулап турушат. Жыйынтыгында, күйөөлөрү түгөйлөрүн бактылуулукка бөлөп, үй-бүлөсү бекемделет".
Изилдөөлөрдүн жүрүшүндө күйөөсү келишимдүү айымдар стресске көп кабыла тургандыгы аныкталган: "Түгөйү келишимдүү айымдар көп учурда өмүрлүк түгөйүнө жагарына ишенбестиктен жана кызганычтан стресске кабылып, ар кандай илдет, көйгөйлөргө чалдыгышат. Алардын эң көп кездешкени - тамак сиңирүү функцияларынын бузулушу жана ашыкча салмак", - деп билдирген окумуштуулар.