Кемин районундагы Орловка шаарчасынын ооруканасында 53 жаштагы дарыгер ооруканада дарыланып жаткан 12 жашар кызга себепсиз шал кылуучу укол сайып, зордуктоого аракет кылган деп айыпталууда. Жабырлануучу кыз учурда психологдун кароосунда болсо, дарыгер тергөө абагында. Жабырлануучу кыздын таякеси бул окуя тууралуу: “Эжемдин кызы ооруп калып, ооруканада дарыланып жаткан. 5-сентябрдан 6-сентябрга караган түнү анын палатасына врач кирип, кийип жаткан шымынын үстүнөн шал кылуучу ийне сайып, өпкүлөп, кучактап ар түрдүү ыплас аракеттерди кылыптыр”, - дейт.
Буга окшогон окуя Орловка шаарчасында катталган. Кененирээк “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№776, 15-cентябрь, 2017-жыл) окуй аласыз.