Орусиянын Биринчи каналы "ВИД" телекомпаниясы менен "Жди меня" берүүсүн чыгаруу боюнча мөөнөтү бүткөн келишимди узартуудан баш тартты. Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жазгандай, эки компаниянын ортосундагы келишпестик телеберүүнүн алып баруучусу Александр Галибин долбоордон кеткенден кийин чыккан.
"ВИД" телекомпаниясы Биринчи каналдын макулдугусуз алып баруучуну жумуштан бошоткон. Алар алып баруучулукка сунуштаган жаңы талапкерлер Биринчи каналдын жетекчилигинин купулуна толгон эмес. Мындан улам Биринчи канал келишимди узартуудан баш тарткан. Бул маселе тууралуу эки тарап тең кененирээк маалымат тарата элек.
Ушул жылдын август айында “Пусть говорят” берүүсүнүн алып баруучусу Андрей Малахов да 25 жыл эмгектенген Биринчи каналдан "Россия 1" телеканалына кеткен. Ага удаа эле "Наедине со всеми", "Пока все дома" берүүлөрү Биринчи каналдын эфиринен көрсөтүлбөй калды. Буга байланыштуу коомчулук арасында Биринчи канал эски берүүлөрдү "тазалап" жатат деген кеп тараган. Бирок каналдын өкүлдөрү айтылган кептер чындыкка дал келбей тургандыгын айтып чыгышкан.