Бишкекте Патрулдук милиция кызматкерлерине катуу ылдамдыкта бараткан мотоциклди артынан негизсиз кууганы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ушул жылдын 18-августунан 19-августуна караган түнү Бишкек шаарынын Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери өз маршрутунан чыгып, мотоциклди мыйзамсыз куушкан. Андан сырткары Жол кыймылынын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча ички иштер органдарынын инструкциясы одоно бузулган. Анын кесепетинен В.Кнын башкаруусундагы мотоцикл башка унаа менен сүзүшкөн", - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, жол кырсыгы 19-августка караган түнү саат 01:30 чамасында Чүй жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Тоголок Молдо көчөсү менен бара жаткан мотоцикл Чүй көчөсүндө бара жаткан Тойота Пассо үлгүсүндөгү жеңил унаа менен сүзүшкөн. Жыйынтыгында мотоциклдин айдоочусу окуя болгон жерден каза таап, ага учкашып келе жаткан 17 жаштагы Аделина Назарова (Орзубек Назаровдун кызы) оор абалда Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө институтуна жеткирилген. Ал эми жеңил унаадагы айдоочу жана эки жүргүнчү да ар кандай жаракаттарды алышкан. Алардын бири С. уулу М. эсине келе албай көз жумган. Окуянын күбөлөрү катуу ылдамдыктагы мотоциклди Патрулдук милиция кууп келе жатканын айтышкан.
Бишкек ШИИББи жол кырсыгы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси "транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу" менен кылмыш иши козголгонун билдирген болчу.