Салянова: "Мамбеталиева эмнеге жалган көрсөтмө берип жатканын түшүнбөй жатам"

Бүгүн, 15-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иши каралууда. Отурумдун жүрүшүндө Салянова ал юстиция министри болуп турганда анын орун басары болуп иштеген Жылдыз Мамбеталиева көрсөтмө берип жатканын билдирди.

“Мамбеталиева Елисеевдин лицензиясын узартууда мага анын саясий ишмердүүлүгү тууралуу айтып эскерткем деп жатат. Бирок чынында ал мага Елисеевдин лицензиясын узартууга керек болгон документтерди алып келип баары жайында экенин гана айтып, Елисеевдин ишмердүүлүгү тууралуу мени менен сүйлөшкөн эмес. Ал мындай жалган көрсөтмө берүүсүнө эмне себеп болду билбейм. Мүмкүн анын бул кадамына коркоктугу себеп болдубу? Бирок мен Мамбеталиеваны коркоктугунан улам адамгерчиликти, чындыкты аттап өтүп, ушундай жолго барат деп ойлогон эмесмин”, - деди Салянова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
meni_kut
2017-09-15 14:20:59
ким эле камалгысы келсин.
0
Azatbek83
2017-09-15 14:31:59
Бир ай сабыр кылгыла буйруса таза шайлоо болсо СДПКанын бийлиги бутот.Анан бир аз болсода озгоруш болор.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан