Бишкекте таштандыдан табылган ымыркайдын энеси изделип жатат

Бишкекте таштандыдан табылган ымыркайдын энеси табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Бишкек ШИИББинин маалыматы боюнча, азыркы тапта тиешелүү экспертизалар дайындалып, ыкчам изилдөө иштери жүрүп жатат.

Айта кетсек, 14-сентябрь күнү Бишкектеги Кустанай жана Астрахань көчөлөрүнүн кесилишиндеги таштанды таштоочу контейнерден ымыркайдын жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге Бишкек ШИИББинин жана Ленин РИИБинин кызматкерлери барышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
abdrakhmanovich
2017-09-15 12:51:26
Төрөгөндөн уялбай .....ден уялбайт беле! Же бакканды билбесең жатпаш керек! Бир нерсе жасаарда ойлонуш керек!
0
zahira
2017-09-15 13:01:40
Уф адамдар мынча эле таш боор болуп баратабыз? Эркектер сураныч силер да оз напсинерди тыйып ,кыздарды алдап намысын булгабагылачы жанылышсанар жоопкерчиликти моюнунарга алып ошол кызга уйлонгуло . Кыздар силер да оз абийринер менен болуп, жигиттердин ширин ,жалган создоруно алданбай намысынарды сактагылачы турмушка чыкканга чейин . Мындай аянычтуу окуялар кобунчо никесиз катнаштан болуп жатат ,балада эмне куноо? Чыдабай олуп баратышса сактануу жолдору барго тозоктук болуудан коркушпаса. Эхх ...
+4
Rain000
2017-09-15 13:03:01
Бир кем дуйно!!! Биз балага жетпей жатсак адамдар ыргытышат. Сага Берген баланы мага берсе тобом асманга жеткенче суйунмокмун.
+4
sara91
2017-09-15 15:45:27
Тообо не дешти деле билбейсин
0
Janusia
2017-09-15 16:49:00
Эмне эле болуп баратат замана. Откондогу Арча -Бешиктен дааратканадан табылган ымыркайды торогон аял табылдыбы? Супер Инфо сураныч ошол жонундо маалымат берип койгулачы
0
admin_superstan
2017-09-15 17:49:44
Janusia, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, эске алынды.
0
Balshi
2017-09-15 16:49:12
Кайдан тапмак эле. Буга чейин канчасын издеп таппай койду
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан