Бүгүн, 15-сентябрда мурдагы депутат “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Райкан Төлөгөновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды. Отурумда тергөө иштерине байланыштуу күбөлөр суралды. Бүгүн бул ишке күбө катары мурдагы депутат Туратбек Мадылбеков суралып, мамлекеттик айыптоочу күбө менен камактагы Абдулла Юсуповдун тааныштыгына кызыкты.
"Абдулла Юсуповду мен өмүрүмдө көргөн же уккан эмес элем. Мен Жогорку Кеңеште депутат болуп турганда ал 120 депутатка кайрылуу жасап, "мени кыйноо менен баарын моюнума алдырды" деп арызданды. Мен өзүм парламенттик комитеттин төрагасы катары бардым. Бүт анын айткандарын уктум. СИЗОнун төрагасына арыз жазып мага жибер дедим. Ошондо СИЗО башчысынын бөлмөсүнөн Юсуповду биринчи жолу бир сааттан ашык көргөм. Ал эми жалпысынан мен аны эки жолу кезиккем. Экинчисинде ИИМде беттештирүүдө аны менен чогуу отурганбыз”, - деди Мадылбеков.