ЖАМК: "Ош-Бишкек жолунда кырсыкка кабылган унаада эркинен ажыратылган 41 адам болгон"

Бүгүн, 15-сентябрь күнү эртең менен Оштон Бишкекке келе жаткан автозак (кылмышкерлерди ташуучу унаа) Суусамырда кырсыкка кабылган. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалыматы боюнча, кырсыктын кесепетинен айдоочу жана эркинен ажыратылган эки адам жабыркап райондук ооруканага жеткирилген болчу. Окуя болгон жерге Бишкектен башка унаа жиберилип, учурда соттолгон 39 адам Бишкекке жеткирилди. Кырсыкка кабылган унаада 41 адам болгон. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

"Соттолгон 39 жаран Бишкекке жеткирилди. Алардын арасында из жашырып кетүүгө аракет болгон жок. Жабыркаган эки жарандын биринин жаракаты оорураак болгон үчүн райондук ооруканада абалы жакшырганга чейин калтырууга туура келди. Ал кайтарууда. Дагы бир жабыркаган адам №47-абактагы ооруканага которулду. Айдоочуну да ооруканага жаткырганбыз. Кырсык болгондо бул атайын жасалган болушу мүмкүн деген шектенүүлөр жаралган болчу, азыр айдоочу унааны башкара албай калган деген да жоромолдор жаралууда. Учурда кырсыктын себептери такталып жатат", - деп билдирди Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Anarik87
2017-09-15 21:19:30
Бугун жолдо бараткан
+1
Krai
2017-09-16 09:03:20
Кырсык да кырсык
0
kutman-kg94
2017-09-16 12:28:00
Эх мен аман эсен келип алганым ошол жерде служба кылдым эле
0
mega777
2017-09-16 12:47:44
Унаада 41 адам!Мал жуктогондой эле тыгып келген го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан