Бишкекте башка улуттагы адам менен бара жатканы үчүн жергиликтүү жаран кол көтөргөн келин кош бойлуу. Бул тууралуу SUPER.KG' порталына окуянын күбөсү билдирди.
"Мен ал келинди чаап жибергенин көргөн жокмун. Окуянын башы эмнеден башталды билбей калдым. Бирөөнүн ыйлаганы менен аялдардын ызылдаганы угулду. Чыксам, болжолдуу беш айлык кош бойлуу келин ыйлап, жанында бир жигит жаман сөздөр менен сөгүнүп жатыптыр. Сураштырсам сөгүнүп жаткан адам ыйлап жаткан келинге "кыргыз калбай калыптырбы? Эмнеге башка улуттагы адамдар менен көңүл ачып жүрөсүң?" деп кол көтөрдү дешти ошол жердегилер. Келиндин жанындагы башка улуттагы жигит кыргыз балдардан чочулады окшойт, аялдардан милиция чакырууну өтүнүп жатыптыр. Кызга кол көтөргөн жигит аябай агрессивдүү экен, эч кимге моюн бербей уят сөздөр менен сөгүнүп ошол жерде жарым сааттай аялдар менен жаңжалдашып турду. Ошол учурда кыздын жанындагы жигит коркконунан радиоузелдин күркөсүнүн ичине кирип турду. Жарым сааттан кийин гана милиция кызматкерлери келип, жаңжалга себепкер болгон жигитти кармап кетишти", - дейт атын атагысы келбеген күбө.
Ошондой эле окуяга күбө болгондордун дагы бири окуянын башын өзү көрбөгөндүгүн, бирок көргөндөр жаңжал чыгарган жигит келинди муштуму менен эмес, алаканы менен акырын эле жаагына чапты деп укканын айтты.
Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек ШИИББи башка улуттагы жигит менен бараткандыгы үчүн чаап жиберген жарандын иши иликтене баштаганын билдирген.