Бүгүн, 4-майда Чолпон-Ата шаарында “Run the Silk Road” эл аралык марафону болуп өттү. Ага 3 миңдей адам катышты.
Иш-чаранын ачылышына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты.
Катышуучулар марафондо 42,195 чакырым, 21,097 чакырым, 10 чакырым (чуркоо жана скандинавиялык басуу) аралыкта чуркашты. Мындан тышкары 3 чакырым балдар жарышы да орун алды.
Марафондо эркектер жана аялдар арасында 42 жана 21 чакырымдык чуркоодо алдынкы орунду алгандарга акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер берилди:
42 чакырым боюнча:
1-орун 200 миң сом, сертификат;
2-орун 140 миң сом, сертификат;
3-орун 100 миң сом, сертификат;
4-орун 70 миң сом, сертификат;
5-орун 50 миң сом, сертификат;
6-орун 20 миң сом, сертификат.
21 чакырым боюнча:
1-орун 70 миң сом, сертификат;
2-орун 50 миң сом, сертификат;
3-орун 30 миң сом, сертификат;
4-орун 20 миң сом, сертификат;
5-орун 10 миң сом, сертификат;
6-орун 7 миң сом, сертификат.
Мындан тышкары 10 чакырымдык чуркоодо алда келгендер да баалуу белектер, сертификат менен сыйланды.
Марафон менен жарым марафондун алдынкы катышуучуларына баалуу белектер берилди.