Өлүмгө эң көп алып келген вирус деп ВИЧ, кутурма, малярия вирустары деп эсептелип келген, бирок окумуштуулардын акыркы изилдөөлөрү боюнча өлүмгө эң көп алып келген вирус деп - гепатит табылган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдаган.
"Гепатит - ВИЧ жана кургак учукка караганда көп адамдын өмүрүн алат. Мындай жыйынтык гепатит эч убакта глобалдуу маселе катарында каралбагандыгынан улам чыккан. Бир да өлкөдө бул вируска тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай келет", - деп гепатитке каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк альянсынын президенти Чарльз Гор билдирген.
Гепатиттин ар кандай түрлөрүнөн акыркы жылдары дүйнөдө 1,5 миллионго жакын адам каза болгон. Дарыгерлердин айтымында, адамдардын өлүмүнө гепатиттин өзү гана эмес, ал алып келген: кара сарык, боордогу залалдуу шишик жана башка оорулар себеп болгон. Экинчи орунда кургак учук - ал 1,2 миллион адамдын өмүрүн алган. Үчүнчү орунда ВИЧ, бул илдеттин айынан 1 миллиондон ашык адам көз жумган.
Акыркы жылдары кургак учук жана ВИЧ оорусунан көз жумгандардын саны кыскарган. Ал эми гепатиттен көз жумгандардын саны 22 пайызга өскөн. Дүйнө жүзүндөгү көп адамдар илдетти жуктуруп алганын билишпейт. Өнүгүп жаткан өлкөлөрдө жашаган адамдардын 5 пайызы гана өзүнүн илдети тууралуу билип, дарыгердин көзөмөлүндө турушат.