Москвада катуу шамалдан 150дөй дарак кулап, 15 адам жабыркады

Орусиянын Москва шаарында жана Москва облусунда катуу шамалдан бир нече дарак кулап, 15 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, шамалдын кесепетинен 150дөй дарак кулап, 6 имараттын чатыры зыянга учураган. Жабыркагандардын арасында жаш балдар да бар деп айтылат маалыматта.

Москванын "Домодедово" аэропортунда 21 каттам учпай кармалган. Ал эми "Шереметьево" аба каттамында 5 каттам токтотулган. Шамалдын кесепетин жоюуга 37 миң адис, 5 миң атайын техника тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Rifle_I
2017-09-16 08:59:08
Октябрдын башында иш сапар менен Москвага барам. Кудай сактасын, погода жакшы болуп турсун.
-15
bond02
2017-09-16 09:12:03
Rifle_I,жалгыз сени деппи?
+11
Batma08
2017-09-16 11:15:41
Rifle_I,жакшы барып кел кудай ак жол берсин .
+4
marselkalmurzaevkg
2017-09-16 11:34:50
Суроттор эскиго анан
0
emmasha
2017-09-16 11:48:17
Кече укмуш каттуу шамал болду. Кудайлап отурдук. Москванын четираагында учун дарактар кулаганын корбодум.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан