АКШда "Харви" бороонунан кийин жээкте пайда болгон белгисиз жандыкка окумуштуулар изилдөө жүргүздү

АКШнын Техас штатында "Харви" бороонунан кийин деңиздин жээгинде пайда болгон белгисиз жандыкты жылан кебетелүү балыктын бир түрү деп табышты. Бул тууралуу Вашингтондогу улуттук музейдин биолог-окумуштуусу Кеннет Тайгга таянуу менен чет элдик маалымат булактары жазууда.

Биологдун айтымында, ал кууш куйруктуу суу жаныбарларынын түрүнө кирет. Чоң азуулуу жандык суунун 90 метр тереңдигинде байырлап, сыртка дээрлик чыкпагандыктан аны адамдар көрүшпөйт. Ал эми көзүнүн жоктугун Тайг ушул эле жандыктагы мүчүлүштүк, анын тукумунун бузулгандыгы деп түшүндүргөн.

Ошол эле учурда окумуштуу башка божомолдорун да айткан. Атап айтканда, деңиздеги куртбалыктардын бир тукуму болгон батиуроконгер же ксеномист жандыгы. Биолог жандыктын тиштеринен улам ушундай божомолдор пайда болгонун кошумчалаган.

"Бул үч жандыктын түрлөрү Техастын жээктеринде кездешет, үчөөнүн тең азуулары чоң. Тилекке каршы, сүрөттө анын куйругунун аяк жагы көрүнбөй калгандыктан так аныктоого мүмкүн эмес", - деп кошумчалаган биолог.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Birimdik5555
2017-09-16 11:38:02
Себеби булар да адам да робот эмес,ар жан ката кетируучу
-1
Riokyrgyz
2017-09-16 11:43:59
Birimdik5555,бирок элге жаңылык келтиргенде катасын сөзсүз текшеришти шарт.
0
meni_kut
2017-09-16 12:42:44
Riokyrgyz,туура
0
barsbegKG
2017-09-16 16:23:14
meni_kut,туура эмес ыгыгыы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан