Кытайда ак кууну уурдаган жаран 6 айга эркинен ажыратылды

Кытайда ак кууну уурдаган жаран эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Чжоу аттуу жаран Шанхай шаарындагы эс алуучу жайдан ак кууну уурдап кеткен. Кармалган адам алгач досу менен түнкүсүн көлмөдөн балык уулоо максатында барып, ойлору ишке ашпай калган. Кийин алар эс алуучу жайдан кетип баратып ак кууну баштыкка салып, уурдап кетишкен.

Сюйхуэй райондук сотунда уурулук кылган жаран күнөөсүн моюнуна алган. Ал уурдап барган ак куунун этин кууруп, бирок ага эттин даамы жакпагандан улам жеген эмес деп айтылат маалыматта.

Полиция көчөгө коюлган видеокамеранын жардамы менен кылмыш кылгандарды таап алган. Кармалган адамга карата сот 6 ай эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Valley.of.the.Wolves
2017-09-16 11:35:25
КРда тоок уурдасан 6 жылга кетесин
0
AykaMer
2017-09-16 12:10:51
Valley.of.the.Wolves,Койчу эй,каяктагы жомокту айтпай. Тоок эмес адам уурдамак тугул олтуруп койсо да "ЖИНДИ"- деген справкасы м.н кутулуп кетип жатат го... Кр мыйзамын кучтуу иштетип алыпсын го оюнда...
+8
Batma08
2017-09-16 12:54:05
AykaMer,ошону айтсаан
+3
emmasha
2017-09-16 12:58:32
Ошондой сулуу жандыкты сойгонго кандай колу бардыкен а? ххх
+4
Syn4y
2017-09-16 13:05:02
emmasha, Kybyrabagandardy dele oozuna sala beriwet
+2
Tortkul2017
2017-09-16 13:23:54
Оа десениз дагы этинин даамы жакпай калып, жебедим дегенине кантейин, жебеген эч нерсеси калган жок озу булардын
+2
Nazar76
2017-09-16 13:29:03
Кытайда закон кучтуу
+2
Karban86
2017-09-16 13:54:54
Кытай эмнени жей элек? Ойлонуп таба албадым
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан