ЖЫЛНААМА, 16-СЕНТЯБРЬ: Америкалык фокус чебери жана иллюзионист Дэвид Копперфильд туулган

12 жашында эле профессионалдуу фокус чебери жана иллюзионист болгон Дэвид Копперфильд бүгүн, 16-сентябрда 61 жашка толду. Бала кезинен тартып эс тутуму күчтүү болгондуктан чоң атасы үйрөткөн бардык нерселерди жатка билген. 7 жашында ал ойлоп тапкан фокустарын өзү жашаган аймакта жолдон өтүп бара жаткандарга көрсөтө берүүнү адат кылган.
Дэвид Копперфильд АКШнын Нью-Жерси штатындагы Метачен шаарында туулган. 18 жашында телевидениеге чакырылып, “Дэвид Копперфильддин сыйкыры” аттуу берүүнү алып барган. Белгилүү болуп калганда CBS телеканалынан чыга баштаган.
Анын чоң иллюзияларынын алгачкысы учактын жок болуп кетиши болгон. Андан кийин элдин көз алдында "Эркиндик" эстелигин жогото алган. Ошондой эле Аризона штатындагы Чоң Каньон аркылуу учуп өтүү, Улуу Кытай дубалдарынын арасынан өтүү, дүйнөдөгү эң катаал Алькатраса түрмөсүнөн качуу, Бермуд үч бурчтугуна саякаттоо, жарылып жаткан имараттан качып чыгуу, Ниагара шаркыратмасынан өзүн таштоо, көрүмчүлөр мекендеген үйдү изилдөө жана күйүп турган отто жашоо сыяктуу иллюзияларды аткарып элди таң калтырган.
16-сентябрга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан