Өлкөдө баңгизатка каршы күрөшүү боюнча бир айлык жарыяланды

26-майда өлкөдө Эл аралык баңгизатка каршы күрөшүү күнүнө карата бир айлык жарыяланганын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Бир айлыктын алкагында Ош облусунда жана Ош шаарындагы өспүрүмдөр арасында "Баңгичилик жаштардын көзү менен" аттуу сүрөт сынагы уюштурулат. Мындан сырткары Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин студенттери арасында футбол, волейбол, баскетбол жана шахмат боюнча мелдеш өтөт. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер жана лагерде эс алып келүүгө жолдомолор берилмекчи. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан