Улуу Британиянын Лондон шаарындагы табият таануу музейи жыл сайын жапайы жаратылышта тартылган сүрөттөргө сынак жарыялап келет. Бул жылы калыстар тобунун сынына 92 өлкөдө тартылган 50 миң кадр коюлган. Бир нече жумадан кийин анын арасынан 13 катышуучунун эмгеги мыкты деп табылып, ар бирине 10 миң фунт (болжол менен 900 миң сом) өлчөмүндөгү акчалай сыйлык берилет. Назарыңыздарга быйылкы катышуучулардын кызыктуу сүрөттөрүн тартуулайбыз.