Дүйнөдөгү эң кары аталган Натмег аттуу мышык өлдү. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазат. Ал өлгүчөктү британиялык үй-бүлө Лиз менен Аян Финлинин үйүндө жашап келген. Ветеринарлар мышык ээсине анын тиштери ооруп, карылыгы жеткендиктен дем алуусу начарлап калганын айтышкан. "Гиннесстин рекорддор китебине" эң кары мышык катары кирген Натмег кечээ, 16-сентябрда өлгөн. Ал 32 жашта болчу.
Үй жаныбарларына баласындай караган европалыктар үчүн колго баккан жандыгын жоготуу үй-бүлө мүчөсүнөн айрылгандай эле кайгы алып келери бышык. "Качан биз аны ветеринардык клиникага алып бара жатканда анын дем алуусу начарлап калган. Ошондо эле биз менен кайра үйгө кайтпасын түшүндүк", - деп кайгырат кожойкеси Лиз. Клиникадан Натмегдин жүрөгү токтоп калган.
"Менин көкүрөгүмдөн бирөө жүрөгүмдү сууруп алгандай болуп жатат. Ал биздин кичинекей сүймөнчүгүбүз болчу. Биз эми башка мышык багып алалы деп ойлогон да жокпуз. Дагы бир жаныбардын өлүмүн көтөрө албайбыз", - деген мышыгы тууралуу 67 жаштагы Аян.
Натмег Финлинин үй-бүлөсүнө 1990-жылы келген. Анда ветеринарлар мышыктын 5 жашта экенин айтышкан. Жубайлар мышыкты 27 жыл бою тунец, каймак менен жана тооктун этин кууруп берип багышкан.
Кошумчалай кетсек, буга чейинки эң көп жашаган мышык катары "Гиннесстин рекорддор китебине" Скутер аттуу мышык 30 жылдык курак менен кирген. Ал АКШнын Техас штатында жашап, 2016-жылы 30га толгондо өлгөн. Натмег андан 2 жылга узак жашап, "Гиннесстин рекорддор китебинде" азырынча эң кары мышык катары калды.