ЖЫЛНААМА, 17-СЕНТЯБРЬ: 352 жыл мурун Англияны улуу кара тумоо каптап, Лондон жашоочуларынын 20 пайызы кырылып калган

1665-1666-жылдары Англиянын Лондон шаарында 100 миң кишинин өмүрүн алган кара тумоо оорусу орун алган. Кара тумоо оорусунун пайда болушу Лондондун 20 пайыз тургунунун жанын алган. Ооруну алгач бубон кара тумоосу деп аташкан, бул инфекциондук оорунун козгогучу чума таякча бактериясы болсо, инфекция таратуучулары бүргөлөр болгон. 1665-жылдагы улуу кара тумоонун капташы Англияда адам өмүрүн эң көп алган акыркы эпидемия катары саналып калган. Буга чейин кара тумоо 1636-жылы 10 миң кишинин өмүрүн алса, 1625-жылы 35 миң адамдын өмүрүн алган.

Кара тумоо Англияга Нидерландыдан келген деп айтылат. Ал жакта кара тумоо 1599-жылдан бери маал-маалы менен жаралып турган. Улуу Британия аймагына кара тумоо оорусун алгач голландиялык соодагерлер алып келген, алар Амстердамдан пахта таңгактарын алып келишкен. 1663-1664-жылдары Амстердамда 50 миңге жакын киши каза тапкан.

Эпидемиянын пайда болуу учурлары 1666-жылга чейин уланган, бирок анда оорунун таралышы жай болгон. 1666-жылы Англияда 2-3-сентябрь аралыгында орун алган Улуу өрттөн кийин кара тумоонун кайрадан катталышы толугу менен токтогон. Анткени кара тумоону таркатуучу келемиштер өрттөн улам кырылып калган.

Кара тумоо оорусу Кыргыз өлкөсүнүн аймагында 2013-жылы Ысык-Көл облусунда катталган. Анда кара тумоо оорусунан Ичке-Жергез айылынын 15 жаштагы тургуну каза болгон. Маркум Оттук капчыгайында суурдун этинен шишкебек жасап жеп, жыйынтыгында кара тумоо жуктуруп алганы белгилүү болгон. Буга байланыштуу аталган айылда жана Башарын жайлоосунда карантиндик посттор коюлган. Кара тумоодон көз жумган бала менен байланышта болгон 148 адам аныкталып, ооруканага жеткирилип тийиштүү эмдөөлөр жүргүзүлгөндөн кийин оору жок болгон.

17-сентябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан