Бүгүн, 17-сентябрда "ЭЛДИК КАБАРга" окурман Сокулукта дарбыз ташып бара жаткан унаа жол кырсыгына кабылганы тууралуу кабарлаган. Бул боюнча Чүй облустук Патрулдук милициянын басма сөз катчысы Тилек Исаев жол кырсыгы 3 унаанын катышуусунда болгонун билдирди.
"Саат 17:10 чамасында Чалдовар-Бишкек унаа жолунда Хундай Портер, КамАЗ жана Форд Фокус унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Жол кырсыгынан 2 адам жабыркап аймактык ооруканага жеткирилди. Азыркы тапта кырсык боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалды", - дейт Тилек Исаев.