Кыргыз өкмөтү менен ГЭСтерди кура турган чехиялык "Liglass" компаниясынын келишими бузулушу мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.
10-июлда өлкөгө ГЭС куруу боюнча Кыргыз өкмөтү менен "Liglass" чех компаниясынын ортосунда келишимге кол коюлган. Чех компаниясы 30 банктык күн ичинде кыргыз тараптын орусиялык "Русгидро" ишканасына болгон 37 миллион доллар карызын төлөп бериши керек болчу.
Маалыматка ылайык, президент Алмазбек Атамбаев Чолпон-Атадагы резиденцияда берген маалымат жыйында "чехиялык компания августтун аягына чейин 37 миллион доллар төлөбөсө, Кыргыз мамлекети башка инвестор табат” деп айткан. Сапар Исаков президенттик аппаратты жетектеп турганда ЖМКлардын бирине берген маегинде "Liglass" убадалаган 37 миллион долларды 15-сентябрга чейин төлөшү керектигин билдирген. Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев 37 миллион доллар 18-сентябрга чейин төлөнүшү керектигин белгилеген.
Ал эми Энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети 13-сентябрда "Liglass" акчаны 19-сентябрга чейин которсо болот деп билдирген. Комитеттен билдиргендей, макулдашуу күчүнө кирген убакыт 4-август деп эсептелет. 31-август, 1-сентябрь майрам күндөрүн эске алганда 37 миллион долларды которуу мөөнөтү 2017-жылдын 19-сентябрында аяктай турганын айтышкан. Демек, акыркы күн - бул эртең.
Эске салсак, келишим түзүлгөндөн кийин ЖМКлар чехиялык "Liglass" компаниясы көпчүлүккө таанымал эмес, банкрот абалына кептелген шектүү компания экенин жазып чыгышкан болчу. Ошондой эле Кыргыздын Тышкы иштер министрлиги аталган компания менен иштешпөөнү эскертип, Улуттук энергетикалык холдинг компаниясына 2017-жылдын март айында кат жолдогону тууралуу маалымат тарап, каттын көчүрмөсү жарыяланган.