Тоң районунда катталган жол кырсыгынан эки адам жаракат алып, бир адам каза тапты

17-сентябрда Ысык-Көл облусунун Тоң районунда Фольксваген-Пассат менен Лексус-RX300 үлгүсүндөгү эки унаанын кагылышуусунан эки адам жаракат алып, бир адам каза болду. ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, кырсык саат 13:45 чамасында Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 91-чакырымында катталган.

"Каза болгон жана жаракат алгандар Фольксваген-Пассат унаасында болушкан. Окуя болгон жерге ӨКМнын куткаруучулары жеткенге чейин "Тез жардам" унаасы жаракат алгандарды ооруканага алып кеткен. 3 жабырлануучунун бири ооруканага бара жаткан жолдо көз жумган", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан