Бүгүн, 18-сентябрда Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин иши боюнча соттук отурумдун кезектеги отуруму орун алды. Анда сурак берүү үчүн процесске 10 күбө чакырылгандыгы маалым болду. Бирок отурумга 2 гана күбө келди.
Мамлекеттик айыптоочулар тарабынан камсыздалган күбөлөрдүн отурумга келбегендигине байланыштуу, сот Абдуразак Боромбаев аларды кийинки отурумга мажбурлап алып келүү чечимин чыгарды. Ал эми сотко күбө катары келишкен ошол учурдагы Токмок шаардык жер реформалары боюнча долбоордун юристи Венера Сулайманкулова жана Токмок шаардык кеңешинин экс-депутаты, каржы боюнча комитеттин экс-төрагасы Юсупжан Матаров көрсөтмөлөрүн беришти.
Кийинки соттук отурум 21-сентябрга, саат 9:30га белгиленди.
Эскерте кетсек, Башкы прокуратура "Канат Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. Канат Исаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин 2016-жылдын 10-ноябрында ага карата кылмыш ишин тергөө кайра жанданган. Кийин Башкы прокуратура ишти Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүп берген.