Жалал-Абад облусунда эки киши мушташып кетип, алардын бири каза болуп калгандыгын бүгүн, 18-сентябрда Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев билдирди. Маалыматта белгилүү болгондой, окуя 17-сентябрда болгон. Милиция бөлүмүнө саат 10:30 чамасында чалуу болуп, анда Базар-Коргон районуна караштуу Могол айыл аймагынын Көк Тоңду айылындагы үйлөрдүн биринде адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат айтылган.
"Ыкчам топ окуя болгон жерге барып, белгисиз адамдын жансыз денесине күбө болушкан. Иликтөөнүн негизинде каза болгон адам 43 жаштагы Н.Ж. аттуу жаран экени аныкталды. Анын денеси табылган үй маркумдун атасына караштуу болгон. Бирок маркумдун ата-энеси жок, ал үйдө жашашчу эмес. Алдын ала кароолорду жүргүзгөндө каза тапкан жаран зомбулук менен өлтүрүлгөндүгү аныкталган. Ошол эле жерден маркумга сокку урулган оор предмет далил буюм катары алынды.
Көп өтпөй адам өлтүрүү фактысына шектүү катары ошол эле айылдын тургуну 54 жаштагы К.Ж. аттуу жаран кармалган. Ал маркумдун бир тууган агасы болгон. Маалыматтар боюнча эки бир тууган буга чейин эле айрым пикир келишпестиктерден улам чырдашып жүрүшкөн", - дейт Осмонбаев.
Ошондой эле катчылыктан кошумчалашкандай, каза болгон жаран үй-бүлөсү жок болгон. Ал эми шектүү катары кармалган жаран үйүндө балдарын карап аларды бакчу. Аялы болсо Орусияда иштеп жүргөндүгү маалым болду. Окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана Жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө абагына киргизилген.