"Элес" тобунун ырчысы Айдин Жумалиев дарылануу үчүн чоң суммадагы акчага муктаж экенин айтып, кыргыз элине кайрылуу жасады

Легендарлуу "Элес" тобунун мурдагы солисти Айдин Жумалиев боордун рагы илдетине чалдыгып, дарыланууга көп чыгым кете тургандыктан коомчулуктан жардам сурап кайрылды.

Маалым болгондой, учурда ырчы дарылануу максатында Түркияга барган, бирок толугу менен айыгып кетүүгө 25 миң доллар каражат керектелгендиктен, бул сумманы табуу ал үчүн оңой эместигин жазып, кыргыз элинен жардам сураган.

"Түркиядагы ооруканалардын биринде терезени карап ойго чөмүлүп, эртеңки жашоом үчүн убайым тартуудамын. Анткени менин жашагым келет. Уулдарым Нурсултан менен Бексултандын үйлөнүү тойлоруна катышып, 27 жылдан бери мага өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон жубайым Венера менен чогуу болгум келет. "Элес" тобу менен күйөрмандарды дагы да болсо кубантсак дейм", - деген ал. Ошондой эле элден ага жардам катары уюштурулуп жаткан 2-октябрда боло турган концертке келип, колдоп берүүнү өтүнгөн.

Белгилей кетсек, "Элес" тобу 1985-2002-жылдары эл ичинде популярдуу топтордун катарын толуктап, кийин тарап кетсе, ушул жылдын июль айында кайрадан биригишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
engel
2017-09-18 14:09:26
Алла буйруса жакшы болуп кетсе экен. Акча чогулуп. Балдарынын, жубайынын жанында аман болсун!
+9
Kaninaiman
2017-09-18 14:16:23
Аллахым оору берген болсо шыфасын да берет сакайып кетиниз,
+7
guku_80r
2017-09-18 15:11:51
Кудайым шыпаасын берсин
0
emmasha
2017-09-18 15:31:32
Аллах шыпаа берсин
0
Kroxa
2017-09-18 20:29:24
Сакайып кетиниз коп тукурсо кол болот кайрылганыз жакшы ооруну жашырсан олум ашкере болот дейт...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан