14-сентябрь күнү “Кумтөр” маселесине арналган тегерек стол өткөрүлдү. Анда Кыргыз өкмөтү менен канадалык “Центерра Голд Инк.” компаниясынын ортосунда ушул жылдын 11-сентябрь күнү кол коюлган жаңы келишимдин Кыргызстандын экологиялык жана инвестициялык абалын жакшыртууга кандай таасирин тийгизери тууралуу сөз болду. Жаңы келишимге ылайык, канадалык компания экологиялык маселелерди чечүү үчүн 50 миллион АКШ долларын которуп берет. Бул каражат биринчи кезекте Ысык-Көлдүн акваториясын тазалоочу жабдыктарды куруу жана модернизациялоо үчүн колдонулуусу пландалууда. Каражаттын колдонулуусу коомчулуктун көзөмөлүндө болушу үчүн байкоочу кеңеш же фонддун кеңеши түзүлүүсү керек деген маселени Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти Жумакадыр Акенеев көтөрдү. “Бул маселенин кандай жол менен чечилиши өлкөгө башка инвесторлорду тартууда маанилүү роль ойнойт. Азыр биз туура жолду тандап алдык. Мыйзамга таяп цивилизациялык жол менен маселелерди чече аларыбызды көрсөттүк. Бул маанилүү. Анткени өлкө жаңы инвесторлорго муктаж”, - деди Акенеев. “Таза коом” программасынын алкагында бул каражат онкологиялык борбор куруу жана рекультивация иштери үчүн да пайдаланыларын белгилешти тегерек столдун катышуучулары.
Саясат таануучу Игорь Шестаковдун айтымында, келишимди экологиялык маселелерди чечүүдө олуттуу жетишкендик катары бааласа болот. "Акыркы жылдары “Кумтөр” чыр-чатактардан арылган жок. Ал саясий манипуляциянын объекти жана социалдык кризистин себепчиси болуп берди. 2012-жылы массалык митинг болуп, ал да “Кумтөрдүн” айынан өткөн эле. Анда өкмөттүн аракети менен компания саясий өңүттөн экономикалык өңүткө өткөн. Статистиканы карасак, “Кумтөр” - бюджетти түзүүчү мекеме. Жаңы келишимди экологиялык маселелерди чечүүдөгү олуттуу жетишкендик деп эсептесе болот", - деди Шестаков.
Тегерек столдон орун алган “Кыргыз алтын” ААКсынын мурдагы башчысы Токон Мамытов 20 жыл аралыгында кыргыз тарап биринчи жолу “Кумтөр” алтын кенин иштетүүдө олуттуу кадам жасагандыгын айтты. “Мекеменин эксплуатацияга берилгенинен тартып 20 жыл өттү. Бул аралыкта анын айынан саясий, экономикалык, экологиялык, жадакалса моралдык кризиске учурадык. Кыргыз тарапка пайдасыз болгон бир канча келишимдерди түзүү аракетине күбө болдук. Бирок азыркы өкмөт баарына чекит коюп, маселе оң жагына чечилди. Маанилүү жагдай, Канада тарап эл аралык экологиялык АМИК организациясынын талаптарын аткарууга милдеттендирилди. Талаптарында буга чейин көтөрүлгөн мөңгүлөр, суу, жаныбарлар, өсүмдүктөр дүйнөсүн сактоо боюнча бардык пункттар камтылган. Мындан ары “Кумтөрдө” экологиялык, өндүрүштүк жана башка маселелер жаралбайт, коррупциялык көрүнүштөр болбойт”, - деди Мамытов.