Индиялык 21 жаштагы Гагги Бансра аттуу дыйкан 4 жылдан ашык убакыттан бери трактору менен укмуштуудай трюктарды жасап, элди таң калтырып келет. Анын видеосу учурда интернетте популярдуу болууда.
Ал журналисттерге берген маегинде кичинекей кезинде мотоцикл тууралуу кыялданып, бирок ага жетпей калганын айткан. Гаггини мугалимдер окуу жайынан чыгарып салышканда атасына талаадагы өсүмдүктөрдү сугарууга жардам берип, 4 жыл мурун трактордун рулуна алгачкы жолу отуруп көргөн. Дыйкан биринчи жолу тракторду акыркы дөңгөлөктөрүнө таяп тургузайын дегенде кырсыктап кала жаздаган. 3 ай өткөн соң гана жаңы трюктарды өздөштүрө баштаган. Анын айтымында, трактордун салмагы бир тоннага барабар. Бансра өзү жашаган аймактагы жарманкелерге катышып, өнөрүн көрсөтүп акча табат. Ал "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүүнү максат кыларын айткан.