Иллюзиянын чебери кореялык Дейн Юн жана анын таң калтырган эмгектери

Түштүк кореялык сүрөтчү Дейн Юн - иллюзиянын чыныгы чебери. Тактап айтканда, ал косметика жана акварелдик боёктордун жардамы менен денеге, колго, бетке, айтор каалаган жериңизге кызыктуу жана таң калычтуу сүрөттөрдү тартып бере алат. Өзүнүн колунан жаралган чеберчиликти социалдык тармактагы жеке баракчасына жүктөп, достору менен бөлүшүп турат. Баса, анын баракчасына 210 миңге жакын окурман катталган.

Анын өзгөчөлүгү ар дайым изденүүнүн үстүндө болуп, жалаң гана бири-бирине окшобогон жана караган сайын ар түрдүү көрүнгөн сүрөттөрдү тартканында. Бул тууралуу ал өзү британиялык Daily Mail басылмасына берген маегинде айткан.

"Менимче, сүрөттөрүмдүн өзгөчөлүгү - адамдар ар көргөн сайын кандайдыр бир жаңы нерсе таба алышкандыгында. Бул нерсе аларды улам-улам кайталап көрүүгө мажбурлайт", - деген ал.

Маалым болгондой, Дейн Юн учурда 23 жашта. Ал Кореянын мамлекеттик искусство университетин аяктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aerforce
2017-09-19 08:20:18
азамат экенго озуно озу кантип сурот тартты экен?
+5
farida.kg.1991
2017-09-19 09:11:53
ужас кино көргөндөй болдум
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан