Буга чейин жайкы бут кийимдер менен байпак кийгендерди - кийинүү табити жок адам катары санап келсек, эми бут кийимдин бардык түрү менен жөнөкөй эмес, капрон байпагын да кийүүгө болот. Башкача айтканда, учурда Лондондо өтүп жаткан мода жумалыгынын алкагында дүйнөгө белгилүү Topshop интернет дүкөнү жаңы коллекциясын тартуулап, анда капрон байпактар - жылдын тренди экенин баса белгилешкен.
Мода жыл сайын алмашып турат. Мындан улам жакында денеге жабышкан жалтырак колготкилер модага айланса да таң калууга негиз жок!