Кара-Суу районундагы Нариман айыл өкмөтүнө караштуу Кашкар-Кыштак айылынын 53 жаштагы тургуну өзүн өзү өрттөп жиберди. Маалыматты Ош ОИИБинин басма сөз кызматы ырастады.
Белгилүү болгондой, 1964-жылы туулган жаран кечээ өзүнүн үстүнө бензин чачып өрттөп жиберген. Анын кесепетинен денесинин 70-80 пайызы күйүп, 3-даражадагы күйүк алган. Ал Ош облустук ооруканасына жеткирилген.
Маалыматка караганда, өзүн өзү өрттөп жиберген аял 10 күн мурун психиатриялык ооруканадан чыккан. Буга чейин да бир нече ирет өз жанын кыюуга аракет кылган.