
Өзүнүн уруктугу менен балалуу боло албаган үй-бүлөлөргө донор болуп жүргөн 57 жаштагы Майк Рубино алгачкы ирет дүйнөнүн ар тарабында жашаган 19 "баласы" менен жолукту. Алардын көбүн мурда көрбөгөн ата бул окуяны өтө толкундануу менен кабыл алган.

Майк Рубино - сүрөтчү. Ал 1985-жылы үйлөнүп, жубайы экөө көпкө чейин балалуу боло алышкан эмес. Мындан улам жубайлар балалуу боло албаган түгөйлөрдү колдоочу топтордун чогулуштарына катышып, ал жактан көптөгөн эркектер уруксуздук илдети менен жабыркаганын билген. Көпкө ойлонгон Рубино башкаларга донор болуп, алардын бала жытын искөөсүнө себепчи болууну чечкен. Ал 40 жылга жакын донорлук менен алектенип, 19 балалуу болгон.

Анын анкетасы көптөгөн айымдардын кызыгуусун жараткан: келишимдүү, көк көздүү жана эч кандай генетикалык оорусу жок сүрөтчү. Андан Калифорния, Массачусетс, Гавайи, Нью-Мексико, Арканзас, Огайо жана башка штаттардын тургундарынын боюна бүткөн.

Демейде донор болгон инсандардын өздүгү сыр бойдон калса, Рубино тескерисинче, "Мен өзүм жөнүндө жазылган анкетага жаңы пункт кошкум келет. Мени менен дайыма байланышууга болот, себеби эртеби-кечпи балдарым менен жолугушууну каалайм", - деп айтып келген. Мындан улам убакыт өтүп, алар чоңойгон сайын атасы менен байланышка чыгып турушкан.

Балдардын жаш курактары - 16 жаштан 21 жашка чейин. Бирок келишим боюнча көбү менен 18 жашка чыкканга чейин жолугушууга тыюу салынгандыктан, аларды көргөн эмес.

Жакында "баатыр ата" балдарынын баарын Лос-Анжелестеги үйүнө чакырып, кенен таанышкан. Ошондой эле алардын баарынын аттарын жатка билгени менен, туулган жылдарынан жаңыла турганын айткан.

Донордун балдары чыныгы атасы менен жолугушканы үчүн кубанычта экенин жашырышкан эмес. 19 баланын 11и атасыныкындай көк көзгө ээ болсо, 4 баласынын сүрөтчүлүк өнөргө жакын экени белгилүү болгон. Ошондой эле Рубино өзү да кубанычы коюнуна батпай, "жок дегенде 2-3 баламды көрсөм экен деп кыялданчумун. Минтип, баары менен жолугуп отурам. Аларды бир көргөндө эле жактырдым", - деген өз маегинде.

Учурда балдардын баары дүйнөнүн ар тарабында жашашкандыктан, мындан ары интернеттеги социалдык тармактар аркылуу байланышып турууга убада беришкен.