Белгилүү CCleaner программасы хакердик чабуулга учурап 2 миллиондон ашуун колдонуучу жабыр тартты

Программанын компьютерге орнотулгандагы көрүнүшү.Топтолуучу түзмөктөгү эски же кереги жок файлдары таап жана өчүргөнгө жардам берген CCleaner программасы хакерлердин чабуулуна учурады. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар маалымдайт.

Маалыматка ылайык, 15-августта 32 биттик CCleaner 5.33.6162 жана 24-августта чыккан CCleaner Cloud 1.07.3191 версияларынан адистер вирус тапкан. CCleaner программасын иштеп чыккан Piriform компаниясы билдиргендей, тиркеменин акыркы вирус киргизилген версиясын 2,27 миллион колдонуучу жаңылаган. Натыйжада хакерлердин серверине программаны жаңылаган колдонуучулардын IP-дарегин, жүктөлгөн, орнотулган тиркемелерин жана желе адаптеринин тизмесин жөнөткөн.

15-сентябрда укук коргоо органдары аталган серверди өчүрүп, хакерлерди издеп баштаган. Мындай чабуулдан көп колдонуучу жабыркап калгандан кийин Avast антивирусун иштеп чыккандар алардын программалык камсыздоосу колдонуучуларды коргой аларын билдиришти.

CCleaner программасын колдонгондор эгер бул вирустан жабыркап калган болсо, программаны акыркы версияга чейин жаңылатып жана компьютерлерди вируска каршы текшерүүдөн өткөрүү керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Lion.
2017-09-19 18:40:00
Чынын айтканда башым такыр жетпеди))
-3
muni.98-98
2017-09-19 20:58:55
Lion., Компьютерге кызыксаныз оной
+2
nur_zhoni
2017-09-20 00:23:19
muni.98-98, компьютер эле эмес телефондода бар бул программалар
0
muni.98-98
2017-09-20 07:07:49
nur_zhoni,Аны билем бирок жогоруда комьютер жонундо соз болуптур.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан