Бүгүн, 27-майда Бишкекте ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жыйыны өтүүдө. Кыргызстандын Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев билдиргендей, жыйында катышуучулар бир топ маанилүү маселелерди чечишет. “Кыргызстан ЖККУнун алдында өз башкармалыгын кабыл алды жана ар тараптуу кызматташтыктын алдыга жылуусу үчүн мамлекет күчөтүлгөн аракеттерди жумшайт. Учурда ЖККУнун негизги иш-чараларына даярдануу боюнча активдүү иш алынып барылууда жана Кыргызстан мамлекет башчыларынын формалдуу эмес жолугушуусуна терең маани берет”,- деди Табалдиев. Айта кетсек, жыйында ЖККУга мүчө мамлекеттердеги терроризм, экстремизм, чек ара коопсуздугу жана Ооганстандагы кооптуу абалды эске алып тыгыз байланышты уюштуруу маселеси талкууланууда.