Америкада унаанын ичинде 8 ай бою турган адамдын жансыз денеси табылды

Американын Канзас штатында аэропорттун аймагында, жүк ташуучу унаанын ичинде 8 ай бою жаткан адамдын жансыз денеси табылган. Аны ушунча убакыт эч ким байкаган эмес. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазды.

Маалым болгондой, 53 жаштагы Рэнди Поттер январь айында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Дайынсыз болгон Рэндинин жансыз денеси аэропорттун унаа токтотуучу жайында табылган.

Аэропорттун күзөт кызматы жансыз денени, жүк ташуучу унаадан келип жаткан жагымсыз жыттан улам табышкан. Маркумдун денеси көп убакыт бою тургандыктан таанылгыс болуп чирип кеткен. Мунун айынан соттук-медициналык экспертизага дененин жынысын жана ким экендигин тактоосу татаалга турган.

"Мен ишенбейм, адамдын денеси 8 ай бою унаанын ичинде турганына, кантип аны бир да адам байкаган жок?" - деп билдирген Рэндинин жубайы Кэролайн.

"Канзас-Сити" аэропортунун өкүлдөрү бул кырдаалды эч кандай түшүндүрүп бере алышкан эмес. Азыркы учурда бул ишти полиция иликтөөдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kechirmeni
2017-09-20 10:21:37
Ушундай олумдон Кудай сактасын!
+6
dinikyz
2017-09-20 17:21:07
Кудай сактасын чынында кантип Эле корушпой
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан